Президенттикке талапкерлигин койгон 21 киши чогулткан кол тизмелерин тапшырды
4 декабрь 2020

Президенттикке талапкерлигин койгон 21 киши чогулткан кол тизмелерин тапшырды

Кыргызстандын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин 21и аларды колдогондордон чогулткан кол тизмелерин тапшырышты, деп билдирди Борбордук шайлоо комиссиясы. Алардын тизмеси:

Б.Толбаев — 58 029 кол, шайлоо күрөөсү 2020-жылдын 27-ноябрында которулган;
С.Жапаров — 59 998 кол, шайлоо күрөөсү 12.01.2020-жылы которулган;
А.Касенов — 46 270 кол, шайлоо күрөөсү 2020-жылдын 18-ноябрында которулган;
А.Абдылдаев — 47998 кол, шайлоо күрөөсү 02.12.2020-жылы которулган;
Р.Дженбеков — 39 874 кол, шайлоо күрөөсү 02.12.2020-жылы которулган;
К.Асанов — 43864 кол, шайлоо күрөөсү 02.12.2020-жылы которулган;
Э.Абакиров — 43 630 кол, шайлоо күрөөсү 02.12.2020-жылы которулган;
А.Мадумаров — 39 856 кол, шайлоо күрөөсү 2020-жылдын 27-ноябрында которулган;
А.Сегизбаев — 55480 кол, шайлоо күрөөсү 02.12.2020-жылы которулган;
К.Чороев — 39 053 кол, шайлоо күрөөсү 03.12.2020-жылы которулган;
Ж.Байгуттиев — 51 896 кол, шайлоо күрөөсү 02.12.2020- жылы которулган;
М.Арстанбек — 33 083 кол, шайлоо күрөөсү 02.12.2020-жылы которулган
К.Сооронкулова — 33458 кол, шайлоо күрөөсү 03.12.2020-жылы которулган;
Р. Тагаев — 40 651 кол, шайлоо күрөөсү 02.12.2020-жылы которулган;
Б.Калмаматов — 35 300 кол, шайлоо күрөөсү 02.12.2020-жылы которулган;
К.Иманалиев — 35658 кол, шайлоо күрөөсү 03.12.2020-жылы которулган;
И.Ташов — 39 493 кол, шайлоо күрөөсү 03.12.2020-жылы которулган;
К.Токтосунов — 30106 кол, шайлоо күрөөсү 03.12.2020-жылы которулган, 04.12.2020-жылы катталган;
У.Кочкоров — 43 804 кол, шайлоо күрөөсү 03.12.2020-жылы которулган;
К.Исаев — 38 987 кол, шайлоо күрөөсү 03.12.2020-жылы которулган.

Талапкер С.Ибраев тапшырган тизмеде талап кылынган 30 миңдин ордуна 15 миң 33 гана кол топтолгон. Андан тышкары ал шайлоо күрөөсүн төлөгөндүгү жөнүндө маалым кат берген эмес. Ушуга байланыштуу, Ибраевдин кол тамгаларынын тизмелери талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө кайтарылган.

Буга чейин 3-декабрда 11 талапкер шайлоого катышуудан баш тартуу боюнча арыздарын беришкен. Ага чейин сегиз адам жарыштан чыккан. Үч талапкердин соттуулугу жоюла электигине байланыштуу алар четтетилген. Мындан тышкары, тогуз талапкерди каттоодон баш тартылган, алар улуттук тилди билгендигин тастыктаган сертификатты беришкен эмес.

Эске салсак, президенттикке талапкерлер аларды колдогондордун кол тизмесин жана күрөөнү 3-декабрда саат 23.59гө чейин которуп бериши керек болчу.

Эми БШК талапкерлерди 14-декабрга чейин каттайт. Катталгандан кийин эки календардык күндүн ичинде талапкерлер тиешелүү күбөлүктү алышат.

Кезексиз президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.