ЮНИСЕФ Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине антигенди текшерүү үчүн 10 миң экспресс-тест тапшырды
15 декабрь 2020

ЮНИСЕФ Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине антигенди текшерүү үчүн 10 миң экспресс-тест тапшырды

ЮНИСЕФтин жана Дүйнөлүк Банктын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине антигенди аныктоо үчүн 10 миң экспресс-тест тапшырды. Жиберилген жардамдын наркы 59,7 миң долларды түздү деп мекемеден билдиришти. ДССУ бул тесттерди туура колдонууу менен коронавирусту табуу үчүн зарыл болгон ПЦР тесттерди алмаштырууга болот деп эсептейт.

«Оору калк арасында кеңири тараган учурда ден соолукту чыңдоочу мекемелер тез диагностикалык тесттер аркылуу COVID-19 тест борборлорунда, карылар үйүндө, түрмөлөрдө, мектептерде, инфекцияга каршы күрөштүн алдыңкы тилкелеринде иштегендердин жана медициналык кызматкерлердин арасында илдетти аныктоого жана изоляциялоо мүмкүн болот. Ошондой эле бейтаптардын башкалар менен болгон байланыштарын аныктоого мүмкүн болот», — деп билдирди Саламаттык сактоо министрлиги.

COVID-19 менен күрөшүүнүн алдыңкы сабында жүргөн бардык медициналык адистер буга чейин тез диагностикалык тесттерди колдонуу боюнча окушкан.