8,5 жылда Кыргызстанда 1,4 миллион унаа каттоого алынган
4 декабрь 2020

8,5 жылда Кыргызстанда 1,4 миллион унаа каттоого алынган

2012-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 1-октябрына чейин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин аймактык бөлүмдөрү тарабынан 1 миллион 487 миң 174 унаа каттоого алынган Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

МКК автоунаалардын көпчүлүгү 2018-2019-жылдары катталганын, анда «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруунун алкагында, бардык унаа ээлери кыймылдуу мүлктү өзүлөрүнө массалык түрдө каттата баштаганын белгилешти.

Мындан тышкары, 2018-жылдын июль айынан баштап транспорттук каражатты кайра каттоодо мамлекеттик алымдын суммасы тарифтик сетка боюнча баанын 1ден 0,3 пайызга чейин төмөндөгөн.

Быйыл тогуз айда республикага ташып келүүгө, өлкө ичинде ээсинин жана аймагынын алмашуусуна байланыштуу, ошондой эле өлкөнүн чегинен чыкканы, же каттоодон чыгарылгандыгына байланыштуу 213 269 унаа катталган.

Өткөн жылы ушул эле мезгилде 308 908 унаа катталган болчу.