Жапаров казынага кол салгандар боюнча жооп берди
4 декабрь 2020

Жапаров казынага кол салгандар боюнча жооп берди

Садыр Жапаров коррупциялык иштерге аралашкан олигархтарды жана чиновниктерди коргобой турганын билдирди. Анын айтымында, алардын бардыгы жасаган кылмыштары үчүн жооп бериши керек. Мындан тышкары, Жапаров аларды элдин мүлкүн кайтарып берүүгө чакырды.

Ошол эле учурда президенттикке талапкер анын тааныштарынын арасында коррупция боюнча айыпталып камакка алынгандар бар экенин белгиледи. Бирок ал бир кезде берген сөзүн бузуп, укук коргоо органдарына тоскоолдук кылгысы келбейт. Жапаров эгер алардын ишине кийлигишине турган болсо, өлкө коррупцияны түп-тамырынан жоё албайт деп эсептейт.

«Мыйзам алдында бардыгы бирдей жооп бериши керек. Ансыз биз коррупцияга каршы күрөшүп, аны жок кыла албайбыз, экономиканы көтөрө албайбыз. Эгерде экономиканы көтөрбөсөк, анда биз эч качан күчтүү мамлекетти кура албайбыз. Баардыгы бири-бири менен байланыштуу», — деп баса белгиледи Жапаров.