Вице-премьер-министр: бул биздин өлкөнүн тарыхындагы эң таза жана ачык-айкын шайлоо болот
8 январь 2021

Вице-премьер-министр: бул биздин өлкөнүн тарыхындагы эң таза жана ачык-айкын шайлоо болот

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов республиканын жарандарынын шайлоо укугунан пайдалануусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн деп ишендирип, бул өлкөнүн тарыхындагы эң таза жана ачык-айкын шайлоо болот деп убада кылды.

Бул тууралуу ал 10-январга дайындалган кезексиз президенттик шайлоону жана референдумду уюштурууда шайлоо комиссияларына көмөктөшүү боюнча штабдын отурумунда билдирди.

Вице-премьер-министр кезексиз президенттик шайлоого даярдык көрүү иштери аяктоо алдында тургандыгын белгиледи.

«Учурда бардык шайлоо участкаларынын даярдыгы текшерилип жатат, биз аякьап калдык. Шайлоону жогорку уюшкандыкта өткөрүү үчүн өкмөт бардык күч-аракетин жумшады деп ишенимдүү айта алам», — деди ал.

Вице-премьер-министр белгилегендей, мамлекеттик органдардын жетекчилери Кыргыз Республикасында мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону уюштуруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.