Новиков Бишкек ЖЭБин газга өткөрүү мүмкүндүгүн жарыялады
8 январь 2021

Новиков Бишкек ЖЭБин газга өткөрүү мүмкүндүгүн жарыялады

Премьер-министрдин м.а. Артем Новиков эгер өкмөт орусиялык «Газпром» менен тил табышса, Бишкек шаарынын ЖЭБи газга өткөрүлөт деп билдирди. Бул тууралуу ал борбор калаанын экологиялык абалын жакшыртууга арналган тегерек столдун жүрүшүндө айтты.

Кайра жабдууга болжол менен 3,5 млрд сом керектелет. Новиков буу казандарын алмаштыруунун кажети жок деп ишендирди. Ошол эле учурда, ал Финпол ЖЭБдин төрт от казанын зыяндуу чыгындылар боюнча тандап текшерип чыккандыгын жана алардын бири жол берилген нормативдерден болжол менен үч эсе ашып кеткендигин баса белгиледи.