
Президенттикке талапкерлер шайлоо өнөктүгүнө 94 миллион сом сарпташты
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия 25-декабрда президенттикке талапкерлердин шайлоо фонддорундагы акча каражаттарынын сарпталышы жөнүндө маалымат жарыялады.
Жалпысынан 18 талапкердин фондуна 104,4 миллион сом түшкөн, анын 94,6 миллиону сарпталган.
БШК талапкерлер үгүт иштеринин бардык чыгымдарын шайлоо фондунан гана жумшоого милдеттүү экенин белгилейт. Чыгымдардын максималдуу суммасы 200 миллион сомдон ашпашы керек.
Кыргызстанда президенттик шайлоо 10-январда өтөт.