Ысык-Көл облусунун башчысы кырсыкка кабылды
23 ноябрь 2020

Ысык-Көл облусунун башчысы кырсыкка кабылды

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев жол кырсыкка кабылды. Бул тууралуу журналисттерге анын басма сөз кызматы кабарлады.

Окуя 23-ноябрда эртең менен Бишкек — Торугарт жолунун 156-чакырымында болгон. Аткаминердин айдоочусу рулду башкара албай, унаа оодарылып кеткен. Жантаев жеңил жаракат менен ооруканага жаткырылды. Анын абалы орто туруктуу деп бааланууда. Тактап айтканда, ал телефон менен сүйлөшө алат. Айдоочунун абалы жакшы, аны ооруканага жаткыруу талап кылынбайт.