Баткенде жергиликтүү тургундар дарыгерлерге тез жардам унаасын сатып беришти
23 ноябрь 2020

Баткенде жергиликтүү тургундар дарыгерлерге тез жардам унаасын сатып беришти

Баткен районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бужум айылынын тургундары жергиликтүү фельдшердик-акушердик пункт үчүн Mercedes Benz Sprinter үлгүсүндөгү тез жардам унаасы сатып алышты. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердигулова билдирди.

Анын айтымында, иштеп жаткан тез жардам унаасы толук оңдоп-түзөөнү талап кылат жана ал жүрбөй калган. Жаңы унаа Кара-Булак жана Бужум айылдарында жашаган 15 миң адамды тейлейт.

Буга чейин Бужум айылынын жаштары аймакта өзгөчө кырдаал жана карантиндик чектөөлөр киргизилип, коомдук транспорттун иши үзгүлтүккө учураганда 30га жакын медицина кызматкерлерди ары-бери ташып жардам кылышкан.