«Манас» эпосу Зеленкова чокусунда жаңырды
23 ноябрь 2020

«Манас» эпосу Зеленкова чокусунда жаңырды

Тоо туризм клубунун жетекчиси Жунус Маметов Зеленкова чокусунда ( деңиз деңгээлинен бийиктиги 3 миң 801 метр) Манас айтты. Бул тууралуу ал Instagram баракчасына жарыялады. Ушундай жол менен ал манасчы Дөөлөт Сыдыковдун манасчылык өнөрүн көтөрүү идеясын колдоону чечкен.

Буга чейин Садыков 14 саат 27 мүнөт токтобостон жана тыныгуу албай Манас айткан. Өз кезегинде Маметов тоонун башынан Манастан үзүндү айтып берди. Ошентип, ал Кыргызстандын улуттук идеологиясын жайылтууга өз салымын кошту.

Мындан тышкары, Маметов челлендж баштоону сунуштап, башкаларды ага катышууга үндөдү. Катышуучуар өзүлөрү айткан Манастын үзүндүлөрүн #МенМанастынУрпагы
хэштеги менен чыгарышы керек.