Кыргызстан COVID-19га каршы вакцинаны биргелешип чыгарууга катышуусу мүмкүн
28 декабрь 2020

Кыргызстан COVID-19га каршы вакцинаны биргелешип чыгарууга катышуусу мүмкүн

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) жана Россиянын Түз инвестициялар фонду (РФПИ) коронавируска каршы вакцинаны биргелешип чыгарууга Кыргызстан менен Арменияны тартуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашууда.

«Комиссиянын жана РФПИнин өнөр жай блогу Армения менен Кыргызстандын фармацевтикалык өндүрүүчүлөрүн биргелешкен ишканаларды өнүктүрүүгө тартуу маселесин жигердүү талкуулап жатат. Кеп вакцина жөнүндө болууда», — деди ЕЭКтин Өнөр жай саясаты департаментинин директору Николай Кушнарёв.

Ал кызматташтык маселелери жакынкы аралыкта макулдашылат деп эсептейт. Кушнарёвдун айтымында, Евразия Өнүктүрүү Банкы ЕАЭБ өлкөлөрүндө COVID-19га каршы вакцина өндүрүшүн түзүү үчүн каржылык колдоо көрсөтүүгө даяр.