Телеграммда кыргызстандык фермерлер үчүн бот пайда болду
28 декабрь 2020

Телеграммда кыргызстандык фермерлер үчүн бот пайда болду

Кыргызстандагы дыйкандар үчүн атайын Telegram бот түзүлдү. Бул курал дыйкандарга маалымат берүү жана мамлекеттик программалар, гранттар, керектүү документтер жана сертификаттоо боюнча ыкчам маалыматтарды берүү үчүн иштелип чыккан, деп билдирди Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы.

Бирдиктүү сайт өнүмдөрдү сатууну уюштурууга, аналитикалык маалыматтарды жана билим берүү материалдарын алууга жардам берет деп күтүлүүдө.

Чатта жарандар көп кайрылган популярдуу кызматтар жөнүндө актуалдуу маалыматтар камтылып, көйгөйлүү маселелер боюнча кайтарым байланыш дагы бар.