Президенттик жарыштан 15 талапкер чыкты
24 ноябрь 2020

Президенттик жарыштан 15 талапкер чыкты

Кыргызстандын президенттигине талапкерлердин саны 63төн 48 адамга чейин кыскарды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясына 65 адам документтерин тапшырган, бирок мамлекет башчылыкка талапкер болгон эки киши талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктаганга чейин арыздарын кайтарып алышкан. Дагы 15 адам ар кандай себептер менен жарыштан чыкты.

Ошентип, үч талапкерди соттолгонуна байланыштуу катары каттоодон баш тартылды. Дагы 9 адам мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктай турчу Кыргызтесттин сертификатын көрсөткөн эмес.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Талапкерлер 14-декабрга чейин катталат.