Артем Новиков: Бийлик шайлоодо админресурстун колдонулушуна жол бербейт
9 январь 2021

Артем Новиков: Бийлик шайлоодо админресурстун колдонулушуна жол бербейт

Премьер-министрдин м.а. Артем Новиков бийлик алдыдагы президенттик шайлоодо административдик ресурс колдонулбашы үчүн бардык чараларды көрөрүн билдирди. Анын айтымында, добуш берүү таза болушу керек.

Ошол эле учурда, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын маалыматына ылайык, буга чейин административдик ресурстарды колдонуу боюнча 14 билдирүү түшкөн. Анын ар бири текшерилет.

«Мен Кыргызстандын жарандарын кайдыгер болбоого, четте карап турбоого жана шайлоо укуктарын пайдаланууга, өзүлөрүнүн тандоосун жасоого чакырам... Алдыдагы шайлоолор — өлкөдөгү боло турчу процесстердин катализатору. Биз мамлекеттин келечегин, анын мындан аркы өнүгүүсүн тандайбыз», — деп жыйынтыктады Артем Новиков.