Россиянын Sputnik V вакцинасынын өндүрүшү Кыргызстанда ишке ашышы мүмкүн
17 декабрь 2020

Россиянын Sputnik V вакцинасынын өндүрүшү Кыргызстанда ишке ашышы мүмкүн

16-декабрда Москва шаарында Кыргызстандын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Россиянын Саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко менен жолугушту.

Тараптар, атап айтканда, Кыргызстандын аймагында Россиянын Sputnik V вакцинасын өндүрүүнү баштоо мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министри Кыргызстанга коронавирус инфекциясынын жайылышы менен байланышкан оор мезгилде гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн орус тарапка ыраазычылыгын билдирди.

Ал ушул жылдын июль айында өлкөдө коронавирус оорусунун эң жогорку чегинен чыгууда орусиялык дарыгерлердин өзгөчө ролун белгиледи.

Мурашко өз кезегинде эки мамлекеттин ортосундагы достук мамилени эске алуу менен Россия тарап Кыргызстанга коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө ар тараптуу жардам көрсөтүү маселесине өзгөчө көңүл бурарын айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар COVID-19дун жайылышына каршы биргелешкен аракеттерди көрүүнү талкуулашты.