Путин Кыргызстандагы кырдаал жөнүндө пикирин айтты
17 декабрь 2020

Путин Кыргызстандагы кырдаал жөнүндө пикирин айтты

Россиянын президенти Владимир Путин өзүнүн жылдык пресс-конференциясында Кыргызстанда биринчи жолу коомдук жана саясий өзгөрүүлөр болуп жаткан жок деп билдирди. Анын айтымында, өлкөдөгү туруксуз саясий кризис Кыргызстандын тургундары ички саясий жашоосун батыштын стандарттарына ылайыкташтырууга аракет кылып, алдыга кетип жатканына байланыштуу.

«Саясий аң-сезимдин деңгээли, институттардын жетилген деңгээли Франциядагыдай эмес. Ал жакта федералдык система ондогон жылдар бою, балким, кылымдар бою калыптанган», — деди Путин.

Россиянын президенти белгилегендей, Батышта түшүнүктүү жана туруктуу саясий платформасы калыптанган партиялар бар, мурдагы СССРдин курамандыга республикалар андан нерсе менен мактана алышпайт. Демек, саясий кризис өз жолун издөө менен байланыштуу. Бирок, бул Россия менен Кыргызстандын мамилелери белгилүү бир чекке жетти дегенди таптакыр билдирбейт.

Эске салсак, 2-декабрда ЖККУнун Жамааттык Коопсуздук Кеңешинин сессиясында сүйлөп жатып, Путин Кыргызстандагы саясий кырдаалдын турукташуусуна канааттангандыгын айткан. Ошол эле учурда ал Россиянын коңшусу жана союздашы үчүн ар дайым тынчсызданып жүргөнүн белгилеген.

«Эгерде биз Кыргызстандын ички саясий турмушунда болуп жаткан окуяларга ар дайым кооптонуу менен көз салып турдук десем, мен жалпы пикиримди билдирген болом. Абал турукташып жаткандыгына канааттангандыгымды билдиргим келет», — деди Россиянын лидери.