
Эксперттер учурда кыргызстандыктарды тынчсыздандырган 5 көйгөйдү аныкташты
«Эл аралык толеранттуулук үчүн» коомдук фонду Кыргызстандын жашоочуларын эң көп тынчсыздандырган темаларды аныктоо максатында экспресс-сурамжылоо жүргүздү. Изилдөөгө 400 респондент катышкан, сурамжылоо 10-ноябрда өлкө боюнча онлайн режиминде жүргүзүлгөн.
Изилдөөлөргө ылайык, кыргыз элин баарынан мурда беш көйгөй тынчсыздандырат. Биринчи орунда коронавирус турат — анын маанилүүлүгүн 273 адам белгилеген. Элдердин жыргалчылыгы экинчи орунда — 186 адам. Үчүнчү орунда Кытайга болгон тышкы карыз — 141 киши. Парламенттин жана президенттин милдетин аткаруучунун легитимдүүлүгү төртүнчү орунда турган — 140 адам. Сурамжылоого кайтышкандардын айтымында, өлкөнүн эң көйгөйлүү маселелеринин бешинчиси бул коррупция: анын маанилүүлүгүн 116 адам белгилеген.
Респонденттердин көпчүлүгү (44%) 19 жаштан 35 жашка чейинкилер. 25 пайызы 15 жаштан 18 жашка чейинки жаштар. Ал эми 27 пайызы 36 жаштан 60 жашка чейинки кишилер.
Сурамжылоого катышкандардын 34%ы эркектер, 66%ы аялдар.