Жогорку Сот Кубан Чороевди шайлоодон четтетти
17 декабрь 2020

Жогорку Сот Кубан Чороевди шайлоодон четтетти

Экономист Кубан Чороев шайлоодон четтетилди. Жогорку Сот Бишкектин административдик сотунун БШКнын аны талапкер катары каттообоо боюнча чечимин күчүндө калтырды.

Чороев Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун чечимин мыйзамдуу деп тааный тургандыгын, бирок аны адилетсиз деп эсептей берээрин айтты. Бирок Жогорку соттун чечимин даттанууга болбойт, анын өкүмү акыркы жана даттанууга жатпайт. Эскерте кетсек, Чороевди барактарды басып чыгарууга акча төлөбөй туруп кол топтой баштаган.

Мындан тышкары, Кубанычбек Токтосунов дагы жарыштан четтетилди, БШК анын чогулткан айрым кол тамгаларды жараксыз деп тапты. 18 адам президенттикке талапкер бойдон калууда. Алар үгүт иштерин 15-декабрда башташкан.

Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында болот.