Садыр Жапаров Кыргызстан эмнеге таза шайлоого муктаж экенин түшүндүрдү
17 декабрь 2020

Садыр Жапаров Кыргызстан эмнеге таза шайлоого муктаж экенин түшүндүрдү

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров республикада төртүнчү революция болушу мүмкүн деп билдирди. Анын айтымында, өлкөдөгү мурунку ыңкылаптардын бардыгы таза эмес шайлоонун айынан болгон, ошондуктан шайлоодо мыйзам бузуулар болуп кетсе, жаңы саясий коллапс болушу мүмкүн.

«Эгерде президенттик же парламенттик шайлоо адилетсиз өтсө, анда төртүнчү революция болуп кетиши мүмкүн. 2015-жылы добуш сатып алуу болуп, № 2 формасын ойлоп табышты. Келечекте кандай гана шайлоо болбосун, алар таза болушу керек», — деди Садыр Жапаров.
Эскерте кетсек, Жапаров президенттик шайлоо таза өтөөрүшүнө көз саларын бир нече жолу баса белгилеген. Мындан тышкары, ал бийликти узурпациялабай турганын билдирген.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Ошол эле учурда, башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өтөт: жарандар парламенттик же президенттик республика керектигин тандап алышы керек.