
Президенттикке талапкерлигин койгондордун 16сы жарыштан четтетилди
БШК 24-ноябрда дагы бир президенттикке талапкер шайлоо алдындагы жарыштан четтетилгенин билдирди. Бул ирет Турсунбек Жумабеков өз каалоосу менен четтеди. Ошол эле учурда 47 адам дагы деле болсо Кыргызстанды башкарууга аракет кылып жатышат.
Жумабеков 44 жашта, шире чыгаруучу ишкананы жетектейт. Ал шайлоого катышуудан баш тарткан 16-адам.
Эскерте кетсек, алгач 65 адам өлкө президенттигине талапкерлигин койгон. Алардын экөө каттоонун акыркы күнүн күтпөстөн, 14-декабрга чейин арызын кайтарып алышты.
Кыргызстанда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.