Жээнбеков президенттик башкаруу үчүн добуш берди
10 январь 2021

Жээнбеков президенттик башкаруу үчүн добуш берди

Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков президенттик башкаруу формасы үчүн добуш берди. Бул тууралуу ал Бишкек шаарындагы № 5 мектептеги шайлоо участкасынан чыккандан кийин билдирди. Ошол эле учурда Жээнбеков шайлоонун жүрүшү боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Эскерте кетсек, Кыргызстандын президенти катары Жээнбеков парламенттик республиканы өнүктүрүүнү жактаган.

10-январда Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасы боюнча референдум өтүүдө. Мамлекет башчылыкка 17 адам ат салышууда.