БШК саат 14:00гө карата канча шайлоочу добуш бергенин маалымдады
10 январь 2021

БШК саат 14:00гө карата канча шайлоочу добуш бергенин маалымдады

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 10-январында саат 14:00гө карата шайлоочулардын активдүүлүгү жөнүндө маалыматтарды жарыялады.

Маалымат боюнча, саат 14:00дө мамлекеттик башкаруу формасы боюнча референдумга шайлоочулардын катышуусу 18,55%ды түздү. Жалпысынан 661 миң 152 адам добуш берди. Ош шаарындагы шайлоо участкаларында шайлоочулар активдүү келишти — 23,33%. Чүй облусунун жашоочулары баарынан пассивдүү: ал жакка шайлоочулардын 15,59% гана катышты. Эске салсак, кыргызстандыктарга парламенттик жана президенттик республиканын бирин тандоо сунушталган.

Ал эми президенттик шайлоого келгендер 18,56%ды түздү. Жалпысынан 661 501 шайлоочу добуш берди. Бул жерде, референдумдагыдай эле, Ош шаары алдыда — 23,31%. Чүй облусу аутсайдер бойдон калууда — 15,59%. Кыргызстандын президентинин кызмат ордуна 17 адам ат салышууда.

43 өлкөдөн жана эл аралык уюмдардан 300дөн ашуун байкоочу шайлоонун жүрүшүнө көз салууда.