Россия Кыргызстандагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдойт
25 ноябрь 2020

Россия Кыргызстандагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдойт

Россия Кыргызстанга жалпы салмагы 8 миллион АКШ долларын түзгөн 9000 тоннадан ашкан азык-түлүктү гуманитардык жардам катары жөнөтөт. Ошентип, Кыргызстандагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо пландаштырылып жаткандыгын Россиянын КРдеги элчилиги өзүнүн Фейсбуктагы расмий баракчасында билдирди.

Элчилик келе турган гуманитардык жүктө буудай уну жана өсүмдүк майы бар экенин, алар Кыргызстандын аймактары боюнча бөлүштүрүлүп, жардамга муктаж адамдарга берилерин тактады.

Россия Кыргызстандагы азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо боюнча башка программаларды каржылоону улантат. Алардын катарында башталгыч класстын окуучуларын ысык тамак менен камсыздоо программасы бар. Анын алкагында 400 миңге жакын балага ысык тамак берилет.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстан Казакстан жана Өзбекстандан коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүдө өлкөнү колдоо максатында гуманитардык жардам алган. Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева бул жардам өз убагында келгенин айтып, өлөкөлөр ортосундагы чыныгы бир туугандык мамиле бар экенин айткан.