Саат 16:00гө карата келген шайлоочулар 26,5%ды түздү
10 январь 2021

Саат 16:00гө карата келген шайлоочулар 26,5%ды түздү

БШКнын маалыматы боюнча, саат 16:00гө карата өлкөдөгү президенттик шайлоого шайлоочулардын 26,59% катышты. Жалпысынан 947 614 адам добуш берди. Алдыңкы орунда Ысык-Көл облусу турат: шайлоочулардын 31,61% добуш берди. Экинчи орунда Ош турат — 30,57%. Шайлоочулардын эң азы дагы эле Чүй облусунда — 22,39%.

Мамлекеттик башкаруу формасы боюнча референдумга келгендер бир аз төмөн — 26,55%. Референдум өттү деп табылышы үчүн шайлоочулардын кеминде 30%ы добуш берүүсү керек.