Кытай Кыргызстанга кезектеги гуманитардык жардам бөлдү
25 ноябрь 2020

Кытай Кыргызстанга кезектеги гуманитардык жардам бөлдү

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков элчи Ду Дэвэнь менен сүйлөшүү учурунда Бишкек Кытай менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди. Өз кезегинде дипломат Пекин коронавируска каршы күрөшүү максатында Кыргызстанга дагы бир гуманитардык жардам бөлүүнү чечкенин айтты. Жүк жакын арада жеткирилет.

Новиков кыргыз өкмөтү Кытайдын инвестицияларын коргоого даяр деп ишендирди. Мындан тышкары, ал кытай ишкерлери менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну талкуулоого даяр. Ошол эле учурда, өкмөт башчынын милдеин аткаруучу Кытайга мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай чек арасындагы Торугарт жана Эркеч-Там өткөрүү бекеттеринин ишин толук кандуу жандантууну сунуш кылды.