Алдын ала маалыматтар: Жапаров шайлоочулардын 79%дан ашуун добушун алды
10 январь 2021

Алдын ала маалыматтар: Жапаров шайлоочулардын 79%дан ашуун добушун алды

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:09да жарыялаган алдын ала маалыматтарга караганда, Садыр Жапаров болжол менен 79,49% добуш менен президенттик шайлоодо алдыда баратат. Андан кийинки орунда Адахан Мадумаров турат, ага 6,59% шайлоочулар ишеним көрсөткөн. Үчүнчү лидер — Бабыржан Төлбаев — 2,29%. Президенттикке талапкерлердин калган бөлүгү 2%дан аз добуш алышты.

Маалыматтар автоматтык түрдө электрондук урналар аркылуу эсептелет. Эске салсак, шайлоого жалпысынан 17 талапкер катышты. Президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы добуштарды кол менен санап бүткөндөн кийин гана жарыяланат.