Кыргызстандыктар президенттик башкарууну колдой турганын билдиришти
10 январь 2021

Кыргызстандыктар президенттик башкарууну колдой турганын билдиришти

Электрондук урналардан алынган маалыматтарга таянуу менен БШКнын алдын-ала маалыматтарды жарыялады, анда шайлоочулардын 80,92%ы президенттик башкарууга добуш берди. Парламенттик республиканы референдумдун катышуучуларынын 10,5% гана колдогон. 4.34% эки вариантка тең каршы болгон. Мындай жыйынтык электрондук урналардагы маалыматтардын 77,2%ын эсептегенден кийин алынды.

Кыргызстанда бирдиктүү добуш берүү күнү аяктады, анда өлкөнүн жарандары жаңы президентти шайлап, референдумда башкаруу формасын тандашты. Буга чейин алдын-ала маалыматтар боюнча, Садыр Жапаров президенттик жарыштын лидери болуп, ал үчүн шайлоочулардын 80%га жакыны добуш бергени белгилүү болгон. Жапаров буга чейин президенттик башкаруу формасына өтүү керектигин айтып, аны жактай турганын айткан.