Мамытов: Кыргызстан Россиянын вакцинасын алууга кызыкдар
18 декабрь 2020

Мамытов: Кыргызстан Россиянын вакцинасын алууга кызыкдар

Президенттин м.а. Талант Мамытов Бишкек коронавируска каршы Россиянын вакцинасын алууга кызыкдар экенин билдирди. Ошол эле учурда Мамытов Россиянын президенти Владимир Путинди дарыны ойлоп табуу менен куттуктап, анын жалпы адамзат үчүн маанисин белгиледи. Бул тууралуу ал КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын онлайн жолугушуусу учурунда айтты.

«Мен дагы бир жолу кыргыз тараптын Россиянын вакцинасын алууга кызыкдар экендигин билдиргим келет», — деди Мамытов.

Андан кийин Путин Россия бардык КМШ өлкөлөрүнө эмдөө жагынан жардам берүүгө даяр деп ишендирип, вакциналарды чыгаруу боюнча биргелешип иштөөнү сунуш кылды. Эске салсак, Кыргызстан вакцина алуу боюнча бир нече өлкө менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Алардын катарында Россия дагы бар.