Кыргызстандагы президенттик шайлоого 43 эл аралык байкоочу көз салат
Кыргызстандын Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого 43 эл аралык байкоочуну аккредитациядан өткөрдү.
Аккредитацияланган эксперттер жети мамлекеттин жана алты эл аралык уюмдун өкүлү экенин шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.
БШКнын маалыматы боюнча, шайлоого Ханнс Зайдель Фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн, Эл аралык Шайлоо Системалары Фондунун (IFES) өкүлчүлүгүнөн жана Азербайжандын БШКсынан өкүл бар.
Мындан тышкары, у Молдованын БШКсынан эки байкоочу, КМШ Миссиясынын атынан төр киши аккредитацияланган. Калган 34 байкоочу КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын өкүлдөрү.
Эске салсак, Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Алгач 65 адам шайлоого катышуу ниетин билдирген. 6-декабрга карата алардын 20сы гана калды, алар кол топтоо баракчаларын тапшырып, күрөө төлөштү. Үгүт иштери 15-декабрда башталып, 9-январга чейин уланат.