Президенттин м.а. Талант Мамытов Москвага учуп келди
7 декабрь 2020

Президенттин м.а. Талант Мамытов Москвага учуп келди

Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Россияга үч күндүк иш сапары менен келди. Ал 8-декабрга чейин Москвада болот.

Москвага болгон иш сапарынын алкагында Мамытов Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушууну пландаштырууда. Алар соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташуу маселелерин, ошондой эле парламенттер аралык өнөктөштүктүн алкагында эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашат.

Ошондой эле ал Евразиялык экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович жана КМШнын Аткаруучу катчысы Сергей Лебедев менен жолугушууну пландаштырууда.

Делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыбек Турусбеков, Алтынбек Сулайманов, Айсулуу Мамашова, Салайдин Айдаров, Гүлшат Асылбаева жана Өмүрбек Бакиров бар.