Кыргызстандын эки PR агенттигинин долбоору абройлуу PR сыйлыктын финалына чыкты
30 декабрь 2020

Кыргызстандын эки PR агенттигинин долбоору абройлуу PR сыйлыктын финалына чыкты

XVI Коомчулук менен байланыш сыйлыктарын уюштуруучулары RuPoR расмий кыска тизмени жарыялады. Ага Россиянын он аймагынан жана Кыргызстандан 56 мыкты долбоор кирди. Кыска тизмеде биринчи жолу Кыргызстандан «Гуров жана Партнерлор — Борбор Азия» PR-агенттиги тарабынан жасалган эки долбоор бар. Сыйлыктын финалында агенттиктин кызматкерлери «Келечектин технологияларын жайылтуу» жана «Байланыш жаатындагы билим берүү долбоорлору» номинацияларындагы долбоорлорун коргошот.

«Гуров жана Партнерлор» байланыш тобунун Москвадагы кеңсеси дагы эң атаандаш саналган «Маркетинг коммуникациясы» номинациясында финалга чыкты. Акыркы жыйынтыктар жакында белгилүү болот — быйыл RuPoR сыйлыгынын финалы 22-23-январда Воронежде өтөт.

Эске салсак, өткөн жылы «Гуров жана Партнерлор — Борбор Азия» Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу эл аралык PR сыйлыгында Гран-при алган. Агенттиктин адистери Эл аралык байланыш категориясында мыкты долбоорду сунушташкан.