Жапаров 2-3 жыл ичинде Кыргызстандагы жакырчылыкты жоюуга ниеттенүүдө
11 январь 2021

Жапаров 2-3 жыл ичинде Кыргызстандагы жакырчылыкты жоюуга ниеттенүүдө

Кыргызстанда саясий туруктуулуктун шартында 2-3 жылдын ичинде жакырчылыктан чыгууга мүмкүнчүлүк бар. Бул тууралуу президенттик шайлоодо көп добуш алган Садыр Жапаров маалымат жыйынында билдирди.

«Кыргызстанда калктын 90 пайызы жакырчылыкта жашайт. Эки ай мурун биз калкты жумуш менен камсыз кылуу жана жакырчылыктан чыгаруу боюнча программаларды, долбоорлорду даярдай баштаганбыз. Эгерде аны ишке ашыра алсак, эки-үч жылдын ичинде саясий кырдаал туруктуу турса, жакырчылыктан арылууга болот», - деди ал.

Борбордук шайлоо комиссиясынын акыркы маалыматтары боюнча, Жапаров дээрлик 80% добуш алып, президенттик шайлоодо ишенимдүү жеңишке жетишти.