«Кыргыз элимдин» сурамжылоосу: катышуучулардын 62%дан ашыгы Садыр Жапаровду колдойт
7 декабрь 2020

«Кыргыз элимдин» сурамжылоосу: катышуучулардын 62%дан ашыгы Садыр Жапаровду колдойт

Кыргызстандагы президенттик шайлоого бир айдан көбүрөөк убакыт калды. Өлкө башчынын кызмат ордуна 20 адам ат салышууда. «Кыргыз Элим» порталы 30-ноябрдан 7-декабрга чейин кийинки жекшембиде шайлоо болсо окурмандар талапкерлердин кимисине добуш берерин билүү максатында сурамжылоо жүргүздү. Садыр Жапаров добуш берүүнүн талашсыз лидери болуп калды — сурамжылоого катышкандардын 62%дан ашыгы аны колдошот.

«Шайлоого катышпайм» деген жооп популярдуулук боюнча экинчи орунда — 14,9%. Сурамжылоого катышкандардын дагы 5%ы «башка талапкерге» добуш беребиз дешсе, 4,5%ы баарына каршы добуш берерин билдиришкен.

Калган талапкерлердин ичинен эң популярдуусу Адахан Мадумаров (3%), Абдил Сегизбаев (2,7%) жана Клара Сооронкулова (2,4%) болду. Калган талапкерлер 1,5%дан аз добуш алышты. 

Сурамжылоодо 638 адам катышты.