Кыргызстанда азык-түлүктүн, тамекинин жана алкоголдун баасы өстү
14 ноябрь 2020

Кыргызстанда азык-түлүктүн, тамекинин жана алкоголдун баасы өстү

Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2020-жылдын январь-октябрь айларында базар баасы бир жыл муруңкуга салыштырмалуу жалпысынан 5,3% өстү.

Ал эми атап айтканда, азык-түлүктүн жана суусундуктардын наркы 9,6%, алкоголдун жана тамекинин баасы 5,8% өскөн. Ал эми кызмат көрсөтүүнүн баасы 1,7%, азык-түлүк категориясына кирбеген товарлар 0,5% кымбаттаган.

Баалардын өсүшү Талас облусунда жогорку көрсөткүчтө — 8,5%. Азык-түлүктүн жана суусундуктардын баасы болсо 16,6% жогорулаган.