Баткен: өлкөдөн миңдеген тонна мунай зат экспорттолгону четке кагылды
7 декабрь 2020

Баткен: өлкөдөн миңдеген тонна мунай зат экспорттолгону четке кагылды

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү күн сайын Кыргызстандан коңшу мамлекеттерге миң тоннага чейин чийки мунай жөнөтүлөт деген маалыматты четке какты. Буга чейин Кадамжай районундагы кыргыз-өзбек чек арасындагы скважиналардан Өзбекстанга жер астындагы куурлар аркылуу тонналаган мунай кетип жатат деген имиштер тараган. Бул кылмышка өкмөттүн мурдагы мүчөлөрү айыпталган болчу.

Өкүлчүлүк Советтер Союзу учурунда өзбек тарап газ жана мунай кендерин иштетип келгенин билдирди. Скважиналар Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл округунда 1400 гектар аянтта жайгашкан. Бирок азыр бул аймакта мунай өндүрүлбөйт. Иш 2011-жылы токтотулган. Ошол эле учурда, 9 скважина гана ишке жарамдуу, бирок алар иштебей турат.

1950-жылы сактоочу жайлар курулган, ал 400-1350 метр тереңдиктеги жер катмарынан газ топтоого мүмкүндүк берген. Фергана өрөөнүнө болжол менен 1,5 миллиард куб метр газ жөнөтүлүп турган. Ошондой эле, жергиликтүү кыргыз айылдары дагы газ менен камсыз болушкан. Бирок, кампаларда азыр газ жок.

Бул жерде Кыргызстан менен Өзбекстан чек араны макулдашып, бардык зарыл маселелер боюнча сүйлөшүшкөн. Бирок Кыргызстанга өтө турчу объектилерди коргоону дагы деле болсо Өзбекстандын чек арачылары камсыздап жатышат. Расмий Бишкек Өзбекстан менен болгон бардык сүйлөшүүлөрдө ушул маселени такай көтөрүп келет.