Ализа Солтонбекова Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигин жетектеди
26 ноябрь 2020

Ализа Солтонбекова Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигин жетектеди

Ализа Солтонбекова Эмгек жана социалдык өнүгүү министри болду. Анын талапкерлигин бир күн мурун Жогорку Кеңеш жактырганын президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Солтонбекова 2018-жылдан бери Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары болуп иштеп келген. Анын талапкерлигин премьердин м.а. Артём Новиков көрсөткөн. Депутаттар сунушту колдоп, бул жаатта иштеп келген адамдын дайындалышын жакшы тажрыйба деп белгилешти.

Буга чейин мекемени Улукбек Кочкоров жетектеп келген. 28-октябрда ал кызматтан өз каалоосу менен кеткени белгилүү болгон.