Президенттикке талапкерлердин саны 17 кишиге чейин азайды
31 декабрь 2020

Президенттикке талапкерлердин саны 17 кишиге чейин азайды

Президенттикке талапкер, «Газпром Кыргызстан» компаниясынын Оштогу филиалынын директору Рашид Тагаев шайлоого мындан ары катышуудан баш тартты. Бул тууралуу ал Facebook барагына жарыялады.

Тагаевдин айтымында, ал президенттик шайлоодон өз талапкерлигин алып салуу чечимин «жеке ишениминин негизинде» кабыл алган. Азыр мамлекет башчылыкка талапкерлердин тизмесинде 17 адам калды.

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Мамлекет башчысын шайлоо менен катар референдум өткөрүлүп, анын жүрүшүндө жарандарга башкаруу формасын тандап алуу сунушталат. Ал учурдагы парламенттик башкаруудан кетүү же президенттикке кайтып келүү.