Мамдуманын төрагасы: Россияга күчтүү жана көз карандысыз Кыргызстан керек
8 декабрь 2020

Мамдуманын төрагасы: Россияга күчтүү жана көз карандысыз Кыргызстан керек

Россияга күчтүү жана көз карандысыз Кыргызстан пайдалуу деп билдирди Мамлекеттик Думанын төрагасы Виачеслав Володин Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытов менен жолугушуу учурунда.

«Сиз өз жарандарыңызды жана мамлекетти коргоо үчүн баардыгын жасашыңыз керек. Россия үчүн Кыргызстандын күчтүү жана эгемендүү мамлекет, ошондрй эле өнөктөш болушу маанилүү», — деп белгиледи Мамлекеттик Думанын спикери.

Володин Мамытовду республикада конституциялык реформаны кылдаттык менен жүргүзүүгө чакырды. Ал Россиянын жалпы элдик добуш менен кабыл алынган Конституцияга киризилген өзгөртүүлөрдүн тажрыйбасы жөнүндө айтып берди.

Володин ошондой эле Кыргызстандын өкүлүнүн көңүлүн интеграциянын маанилүүлүгүнө бурду. Ошол эле учурда, анын айтымында, «кайсы өлкөлөрдүн интеграциясы ар кандай факторлорго байланыштуу артыкчылыктуу экенин караш керек».

Өз кезегинде Мамытов Кыргызстан Россиянын ишенимдүү өнөктөшү бойдон кала берээрин жана бардык эл аралык милдеттенмелерин аткарууну улантарын баса белгиледи. Ал ошондой эле, пандемия менен күрөшүүнүн оор мезгилинде Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн Россия тарапка ыраазычылык билдирди.