Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси парламенттик башкаруу формасын сындады
26 ноябрь 2020

Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси парламенттик башкаруу формасын сындады

Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Эдил Байсалов өлкөдө парламенттик башкаруу формасы орной элек деп билдирди. Ал мындай система кедей өлкөлөрдө иштебей турганын белгиледи.Дипломат өлкөдө жүрүп жаткан конституциялык реформаны колдой турганын жана президенттик башкаруу формасына кайтып келүүнү каалай турганын айтты.

Байсалов эл 30 жылдан бери саясий интригаларды эле айта берип андан тажаганын айтат. Бирок эч ким экономиканы, медицинаны, билим берүүнү ж.б.у.с. өнүктүрүү үчүн эч нерсе жасабайт деп эсептейт. Ошол эле учурда, ал ири саясий куугунтуктоо Кыргызстанда парламенттик башкаруу формасында башталган деп эсептейт. Мындан тышкары, азыр иштеп жаткан Конституция президенттердин «ажыдаарга» айлануусуна тоскоол болгон эместигин кошумчалады.