Кыргызстанда дары-дармектер жана ПЦР-тесттер 2,5 айга камдалды
Анын айтымында, мекеменин адистери биринчи толкундун узактыгын жана курчтугун эске алышып, күз-кыш мезгилиндеги жаңы учурларга даярдык планын түзүшкөн.
«Стационарлар уюштурулду, клиникалык протокол төрт жолу кайра каралды. Бүгүн бешинчи версия каралууда», — деди Айнура Акматова.
Ал ошондой эле, дары-дармектер, жасалма дем алдыруучу аппараттар жана башка шаймандар сатылып алынгандыгын кошумчалады. Учурда Кыргызстанда 14 вирусологиялык лаборатория бар. ПЦР-тесттеринин запасы 2,5 айга жетет.