Кыргызстанда Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аудиокитеп болуп чыгарылды
Чыңгыз Айтматов академиясынын өкүлү Нурболот Азаматов журналисттерге билдиргендей, Кыргызстанда Чыңгыз Айтматовдун аудио китептеринин жыйнагы чыкты. Мындай аракеттер анын 12-декабрда боло турган туулган күнүнө карата жасалган.
Жыйнактарды чыгаруу демилгеси журналист Эрнис Кыязовго таандык. Айтматовдун бардык чыгармалары 5 электрондук жыйнакка чогултулду. Алардын бири жазуучу жана көрүнүктүү ишмердин жээни Асан Ахматовго тапшырылды. Калганы Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигине өткөрүлүп берилет.