Кыргызстандын БШКсы президенттикке талапкерлердин бюллетендеги ордун бөлүштүрдү
20 декабрь 2020

Кыргызстандын БШКсы президенттикке талапкерлердин бюллетендеги ордун бөлүштүрдү

19-декабрда Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы бюллетенге киргизүү тартибин аныктоо үчүн президентинин кызмат ордуна катталган талапкерлердин ортосунда чүчүкулак өткөрдү.

Ага Кыргыз Республикасынын Президенттигине катталган талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ММК өкүлдөрү, ошондой эле коомдук байкоочулар катышты.

«Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкерлердин бюллетенге киргизүү ырааттуулугун аныктоо үчүн чүчү кулак тартуу тартиби жөнүндө» жобого ылайык, чүчү кулак таштоо Кыргыз Республикасынын Президентин кезексиз шайлоого байланыштуу шайлоо иш-аракеттеринин мөөнөтү кыскаргандыгын эске алуу менен, добуш берүү күнүнө чейин 19 календардык күндөн кечиктирбестен жүргүзүлөт.

Чүчү кулактын жыйынтыгына ылайык, талапкерлер бюллетенге төмөнкүчө жазылат:

1. Жапаров Садыр Нургожоевич

2. Исаев Канатбек Кедейканович

3. Арстанбек Мыктыбек

4. Сооронкулова Клара Сыргакбековна

5. Ташов Имамидин Асамидинович

6. Тагаев Рашид Бакирович

7. Сегизбаев Абдил Кенешевич

8. Мадумаров Адахан Кимсанбаевич

9. Касенов Аймен Абдыталипович

10. Кочкоров Улукбек Тойчубаевич

11. Байгуттиев Женишбек Сейтбекович

12. Абакиров Эльдар Курманбекович

13. Асанов Курсан Сатарович

14. Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич

15. Жээнбеков Равшан Бабырбекович

16. Калмаматов Бактыбек Орозалиевич

17. Тольбаев Бабыржан Латиханович

18. Иманалиев Каныбек Капашович.