Быйыл кыргызстандыктардан 3 миңден ашуун бодо мал уурдалды
20 декабрь 2020

Быйыл кыргызстандыктардан 3 миңден ашуун бодо мал уурдалды

2020-жылдын башынан бери мал уурдагандар Кыргызстандын жарандарына 71 миллион 210 миң сом өлчөмүндө зыян келтиришти. Элден 3 миңден ашуун бодо мал уурдалган. 1475 мал гана ээлерине кайтарылып берилген.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, милиция кызматкерлери мал уурдаган 56 кылмыштуу топтун ишин токтотушкан. Жыл башынан бери ички иштер органдары 1096 уурулук фактысын иликтеп, анын 698инин бети ачылган.

2020-жылдын 11 айында 253 мал ууру кармалды, анын 119у камакта, 134кө карата, кетпөө жөнүндө тил кат түрүндө алдын алуу чарасы тандалды.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, уурулуктун көпчүлүгү түнкүсүн жасалат. Жайыттардан дагы, фермалардан дагы мал уурдалат.