Путин Жапаровду жеңиши менен куттуктады
12 январь 2021

Путин Жапаровду жеңиши менен куттуктады

Россиянын президенти Владимир Путин Садыр Жапаровду Кыргызстандагы президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Россиянын лидери анын мамлекет башчысы катары ишмердүүлүгү орус-кыргыз байланыштарын чыңдоого салым кошот деген ишенимин билдирди.

«Сиздин президенттикке шайланганыңыз үчүн чын жүрөктөн чыккан куттуктоомду кабыл алыңыз... Сиздин мамлекет башчысы катары ишмердүүлүгүңүз орус-кыргыз байланыштарынын бардык спектрин андан ары өркүндөтүүгө салым кошот деп ишенем. Бул, албетте, биздин дос элдерибиздин негизги кызыкчылыктарына жооп берет, Борбор Азия чөлкөмүндө туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоого дал келет», — деп айтылат Кремлдин сайтындагы билдирүүдө.

Россиянын президенти өлкөлөр ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мүнөздө экенгин кошумчалады. Россия менен Кыргызстан ар кандай тармактардагы кызматташуунун кеңири тажрыйбасын топтошту, ошондой эле «ЕврАзЭС, ЖККУ, КМШ жана ШКУнун алкагындагы конструктивдүү өз ара аракеттенүү».