
АКШ Жапаровду Кыргызстандын шайланган президенти деп тааныды
Америка Кошмо Штаттары Садыр Жапаровду 10-январда өткөн кезексиз шайлоонун жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын шайланган президенти деп тааныды. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
«Америка Кошмо Штаттары Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын шайланган Президенти деп тааныйт. Демократиялык институттарды чыңдоо, экономикалык өнүгүү, COVID-19 пандемиясына биргелешип жооп кайтаруу жана коррупцияга жана эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатында кызматташуу жана өнөктөштүктү тереңдетүү үчүн жаңы шайланган президент Жапаров менен иштешүүнү чыдамсыздык менен күтөбүз», — деп билдирди АКШнын дипломатиялык миссиясы.
10-январда Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана референдум болуп өттү. Алдын ала маалыматтар боюнча, Жапаров шайлоочулардын 79,2% добушун алып, жеңишке жетти.