Россиянын президенти кыргызстандыктарга Жаңы жылда тынчтык жана бакубат жашоо каалады
1 январь 2021

Россиянын президенти кыргызстандыктарга Жаңы жылда тынчтык жана бакубат жашоо каалады

Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытовду жана кыргыз элин келе жаткан 2021-жыл менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында Россиянын лидери Жаңы жылда Кыргызстан менен Россиянын көп кырдуу кызматташтыгы өнүгөт деген ишенимин билдирди. Россиянын лидери Мамытовго ден соолук жана ийгилик, ал эми бардык кыргызстандыктарга тынчтык жана бакубат жашоо каалады.

«Биздин өлкөлөр Евразиялык интеграциялык процесстердин алкагында конструктивдүү өз ара аракеттенишет, регионалдык жана эл аралык коопсуздукка, анын ичинде коронавирус пандемиясына болгон коркунучтарга каршы күчтөрдү бириктирет. Келерки жылы Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы көп кырдуу кызматташтык биздин элдин жыргалчылыгы үчүн өнүгөт деп ишенем», — деп айтылат Россиянын президентинин куттуктоосунда.