Каржы полициясы мурдагы вице-премьер Сарпашевге кылмыш ишин козгоду
27 ноябрь 2020

Каржы полициясы мурдагы вице-премьер Сарпашевге кылмыш ишин козгоду

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы мурунку вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. Экс-чиновник жогорку кызматты ээлеп турганда көптөгөн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү алып, алардын барын жакын туугандарына каттаткан деп шектелүүдө. Ошентип, УКМК ал байлыктарын декларацияда көрсөткөн эмес деген ойдо.

Жакын арада Сарпашев суракка алынат. Буга чейин күч түзүидөрүнүн кызматкерлери анын үйүн тинтүүгө алышкан. Мындай аракеттер качкын президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимге тиешеси бар адамдарга таандык мүлктөн арестти мыйзамсыз алып салуу боюнча башка кылмыш ишинин алкагында жасалды. Бул иш боюнча Бишкектин райондор аралык сотунун мурдагы судьясы кармалды.