Атамбаевдин сүйлөшкөндөрүн тыңшоо боюнча кылмыш иши козголду
27 ноябрь 2020

Атамбаевдин сүйлөшкөндөрүн тыңшоо боюнча кылмыш иши козголду

Адвокат Замир Жоошев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокат Сергей Слесарев менен УКМКнын тергөө абагындагы сүйлөшүүсүн тыңшоо фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди. Анын айтымында, Аскер прокуратурасы сотко чейинки өндүрүштү баштады. Кылмыш иши «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, өзүнө же башкаларга пайда же артыкчылык алуу максатында же башка жеке кызыкчылыктардан улам жасалган» беренеси боюнча козголгон.

Атамбаевдин СИЗОдогу адвокат менен сүйлөшүүсүн чагылдырган видео жазуу 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү болгон окуялар учурунда табылган. Белгисиз адам дискти ошол учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун иш бөлмөсүнөн таап алган.

Эскерте кетсек, Атамбаев алты кылмыш иши боюнча айыпталууда. Анын ичинде ага мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу жана 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таштагы окуялар боюнча айып тагылууда.