
«Кыргызпочтасы» Россия, Беларусь жана Армениянын почта операторлору менен байланышын күчөтөт
Кыргызстандын улуттук почта оператору «Кыргызпочтасы» ЕАЭБ өлкөлөрүнүн почта операторлору менен кызматташуу келишимине кол койду.
Россиянын, Беларустун, Армениянын жана Кыргызстандын почта операторлору почта жана логистикалык кызматтарды өнүктүрүүдө узак мөөнөттүү, натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты түзүү үчүн өнөктөштүк мамилелерди түзүү жөнүндө макулдашты.
2021-жылдын 31-мартына чейин келишимди ишке ашыруу боюнча жол картасынын долбоору иштелип чыгып, макулдашылат, анда тараптардын өнөктөштүгүнүн белгиленген багыттары жана аларды ишке ашыруу мөөнөттөрү, ошондой эле ушул жол картасын ишке ашыруу боюнча бизнес-план камтылат.
Кызматташуу келишимине Москва шаарында Евразия Өнүктүрүү Банкы (ЕӨБ) уюштурган Биринчи Евразиялык Конгресстин алкагында кол коюлду.