Райымбек Матраимов бюджетке 661,2 миллион сом которду
27 ноябрь 2020

Райымбек Матраимов бюджетке 661,2 миллион сом которду

Каржы министрлиги 2020-жылдын 27-ноябрына карата Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын экс-орун басары Райымбек Матраимов бюджетке 661,2 миллион сом которгонун билдирди. Ошол эле учурда, бюджетти колдоо үчүн акча чогултула турчу депозиттик эсепке 667,9 миллион сом келип түштү. Ошентип, каражаттын басымдуу бөлүгүн Матраимов салган, ал эми калган 6,7 миллион сомду жеке адамдар ыктыярдуу түрдө салган.

Эскерте кетсек, бул эсеп Садыр Жапаровдун экономикалык мунапыс берүү демилгесинин алкагында түзүлгөн. ЖМКда Матраимовдун аты Кыргызстандагы эң ири коррупционерлердин бири катары сыпатталат. Укук коргоо органдары анын ишмердүүлүгүнө 2019-жылдын ноябрь айынан бери «кызыгып келишет». Тактап айтканда, 2016-жылдан бери Матраимов кызмат абалынан пайдаланып, бажы тармагында бүтүндөй бир коррупциялык империяны түзгөн.

Ал тергөө менен кызматташып, мамлекетке 2 миллиард сом кайтарып берүүгө даяр экенин билдирген. Ал сумманы толугу менен 2020-жылдын ноябрь айынын аягына чейин которушу керек.